БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБдин төрагасы катары башка өлкөлөргө жогорку стандартты койду. Бул биримдик үчүн да, дүйнөлүк коомчулук үчүн да жакшы, анткени ал ырааттуу саясатты көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын башчысы Михаил Мясникович Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда билдиргенин президенттин маалыматы кызматы кабарлады.
Жапаров Михаил Мясниковду бүгүн кабыл алган. Алар Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) алдыда боло турган жыйынынын күн тартибин, ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдиктин абалын жана мындан аркы өнүгүү келечегин талкуулашты.
“Бул иш-чараны Кыргызстан уюштуруп жатканы мени өтө кубандырат. Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 11-январында мен биримдиктин органдарына төрага өлкө башчысы катары евразиялык багытта бир катар артыкчылыктуу милдеттерди койгон элем”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Өлкө башчысы Кыргызстан ЕАЭБдин эл аралык имиджин жогорулатууга багытталган бир катар иш-чараларды өткөргөндүгүн кошумчалаган.
Мясников өз сөзүндө Жапаровго ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстердин багыттарын талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.