Студенттерди азгырган "Хизб-ут-Тахрирдин" "жаштар канатынын" мүчөлөрү кармалды

Жаңы тарапташтар ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдун катарына киргенден кийин келечекте мамлекеттик структураларга орношууну максат кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун Бишкектеги студенттерди катарына тартууга аракет кылган мүчөлөрү кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

"Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун Бишкектеги студенттерди катарына тартууга аракет кылган мүчөлөрү кармалды

2 / 2

Алар өздөрүн "жаштар канаты" деп атап алышкан

Алар өздөрүн "жаштар канаты" деп атап алышкан.
"Аталган уюмдун жети мүчөсү борбордогу ЖОЖдордун студенттеринин арасынан "Хизб-ут-Тахрирдин" катарына жаңы тарапташтарды тартуу жана даярдоо менен алектенген. Жаңы тарапташтар тыюу салынган уюмдун катарына киргенден кийин келечекте мамлекеттик структураларга орношуп, экстремисттик идеологиянын жайылышына көмөкчү болушмак", — деп жазылган маалыматта.
Ячейка мүчөлөрүнүн Конституцияга каршы материалдарды окутуу боюнча үзгүлтүксүз жашыруун сабактарды өткөрүшкөнү айтылды. Экстремисттик материалдар электрондук форматта, анын ичинде интернет аркылуу (социалдык тармактар жана фейк аккаунттар) таратышкан.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун жети мүчөсүнүн жашаган жерлеринде аталган уюмга тиешеси бардыгын далилдеген арбын электрондук материалдар, баракчалар, ноутбуктар, планшеттер, смартфондор жана флеш-карталар табылган. Алынган материалдарга комплекстүү экспертиза дайындалды.
Көмүскө ячейканын жети мүчөсү кармалып, "Хизб-ут-Тахрирдин" "жаштар канатынын" лидерлеринин бири болгон Д.Б. аттуу жаран УКМК тергөө камак жайына киргизилген.
УКМК: кишилерди жалдап террордук максатта Сирияга жөнөткөн канал аныкталды