Бишкектеги инвестициялык саммит

Амангелдиев кандай ишканалар салыктан бошотулушу мүмкүндүгүн билдирди

Министр эмне үчүн жеңилдиктер киргизилип жаткандыгына токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жаңы түзүлгөн өнөр жай ишканалары беш жылга салыктан бошотулушу мүмкүн. Бул туурасында экономика министри Данияр Амангелдиев Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте билдирди.
Анын айтымына караганда, инвесторлор үчүн каралган бул норма түзөтүү киргизилип, депутаттардын кароосуна коюлган Салык кодексинде жазылган.

"Мындан сырткары, алтынчы, жетинчи жылдары 50 пайыздык төлөмгө өтүүнү караштырып жатабыз. Сегизинчи жылы салык базасына толук чыгабыз. Бул жаңы өнөктөштөрдү тартуу, алардын жаңы рынокторду өздөштүрүшү үчүн жасалууда.

Азыр Кыргызстандын гана эмес, жалпы Борбордук Азиянын рыногу да өзгөрүп жаткан тенденцияларды, позицияларды эске алуу менен приоритеттүү, динамикалуу өсүп келе жатат", — деген министр.
Радио
Мамытканов: бажы тармагын тез арада толук санариптештирүү керек