Радио

Мамытбеков: өлкөдө 1,6 миллион гектар жайытты отоо чөп басып кетти

Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин башчысынын орун басары Максатбек Мамытбеков алтыганага каршы 2022-2023-жылдарга карата иш-чаралардын планы иштелип чыкканын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда тогуз миллион гектар жайыттын 1,6 миллион гектарын отоо чөп басып кеткен. Бул тууралуу Максатбек Мамытбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, малдын дайыма бир жерге жайылышы жана айрым жайыттардын пайдаланылбай калышы да жерди деградацияга учуратат. Себеби мал жайылбаган жерлерде уулуу же тикенек чөп өсүп кетет.
"2022-жылдын башынан бери республика боюнча жайыт пайдалануудан 117 миллион 464 миң 523 сом каражат чогултулду. Бул былтыркыга салыштырмалуу 33 миллион сомго көп. Акча жайыттардагы инфратүзүмдү жакшыртууга жумшалат. Табигый жайыттар тоюттун эң ири жана эң арзан булагы болуп келген. Бирок жыл сайын жер интенсивдүү колдонгонулгандыктан жайыт комитеттери тарабынан жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча жетиштүү чаралар көрүлбөй, алардын түшүмдүүлүгү жылдан-жылга төмөндөп, деградация күч алууда. Абалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институту Россиядан бир тонна жайыт үрөнүн сатып алды. Ал 54 гектар аянтка эгилген. Кийинки жылы үрөн жайыт комитеттерине таратылат. Министрлик комплекстүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өзгөртүү киргизүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө буйругун чыгарды. Кыргызстанда тогуз миллион гектар жайыттын 1,6 миллион гектарын отоо чөп басып кеткен. Адистер Суусамыр өрөөнүнүн жайыттарына олуттуу зыян келтирген алтыгана, караган тикенек өсүмдүктөрүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолун аныкташты. Учурда алтыганага каршы 2022-2023-жылдарга карата иш-чаралардын планы иштелип чыккан", — деди Мамытбеков.
Ал экологдордон түздүктөгү 2000 гектар жайытты алтыганадан тазалоо боюнча уруксат алышканын кошумчалады.