Бишкектеги инвестициялык саммит

Кыргызстан инвесторлорго мамлекеттик кепилдик бере баштайт

Мамлекеттик кепилдиктин жоктугунан Кыргызстан инвестиция тартууда чоң зыян тартып келгендиги айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстан инвесторлорго мамлекеттик кепилдик бере баштайт. Бул тууралуу Евразия элдеринин ассамблеясынын башкы катчысы Андрей Бельянинов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго шилтеме берүү менен билдирди.
Бельянинов Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте Sputnik Кыргызстан радиосуна маек курду.
"Кыргызстандын премьер-министринен бир катар мамлекеттер умтулуп келген нерсени угуу жагымдуу болду. Каржы министрлиги кепилдик бере баштады. Мамлекеттик кепилдиктин жоктугунан Кыргызстан инвестиция тартууда чоң зыян тартып келген. Эгер бул мехнаизм иштеп кетсе, Кыргызстандын экономикасы жакшы өнүгүүгө жетет. Бул механизмдерди бир нече мамлекеттик компания ишке ашырары айтылды", — деди Бельянинов.
Эскерте кетсек, саммит бүгүн башталды.
Бишкектеги инвестициялык саммит
Макешов: XXI кылым Кыргызстанга кванттык секирик жасоого мүмкүнчүлүк берет