БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кыргызстан Евразия аймагында Түз инвестициялар фондун түзүүнү демилгеледи. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте сүйлөп жатып билдирди.
"Евразия айдыңында биргелешкен инвестициялык платформаларды жана түз инвестиция жасаган фондулардын башын бириктирүүчү система катары Түз инвестициялар фондун түзүү зарылдыгы пайда болду. Кыргызстан бул демилге боюнча иштеп жатат", — деди Жапаров.
Эскерте кетсек, инвестициялык саммитке Россиянын Кыргызстан менен кызматташып келген региондорунун өкүлдөрү катышууда. Иш-чарада келечектүү инвестициялык долбоорлор сунушталып, талкууга алынат.