Радио

Мамбетова: РФте катталуу шартын бузган мигранттарга мүмкүнчүлүк берилди

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жыпара Мамбетова Россияда 73 миңдей кыргызстандык каттоого байланыштуу укук бузганын айтты.
Sputnik
Россия Федерациясынын аймагында жүргөн эмгек мигранттарына буга чейин пандемияга байланыштуу мыйзамга киргизилген жеңилдиктер алынып, документ ушул жылдын 3-сентябрынан тарта күчүнө киргени маалым болгон. Анын негизинде Кыргызстандын эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев РФ ички иштер министри Владимир Колокольцев менен жолугушуп, жыйынтыгында каттоо мыйзамдарын бузган 73 миң кыргызстандык Россиянын аймагында жүргөнү аныкталган. Бул тууралуу Жыпара Мамбетова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, министрлер кыргызстандыктарга ушул жылдын 31-декабрына чейин жеңилдетилген мыйзамдын негизинде Россияда жүрүү боюнча оозеки макулдашышкан.
"Россиянын аймагында жүргөн 73 миң кыргызстандык каттоосу жок же каттоого байланыштуу укук бузууларга барганы — бул чынында олуттуу маселе. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан Россия бир гана биздин мекендештерге жеңилдик берип, ушул жылдын 31-декабрына чейин жогорудагы укук бузган жердештерибизди мыйзам талаасына кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Андыктан Россияда жүргөн кыргызстандыктар учурдан пайдаланып документтерин тариздештирип алганы оң. Тилекке каршы, кайра эле өзүбүздүн жарандар бир күндүк фирмаларды ачып, көптөгөн кыргызстандыктарга убактылуу каттоо жасап берип, кайра жабылып калууда. Бул биздин жарандарды түйшүккө салып келет. Мыйзамдуу каттоонун акысы 350 рубль болсо, фирмалар 6000-8000 рубль алып, каттап беришүүдө. Мындай көйгөйлөр жаралбашы үчүн Россияга эмгектенүүгө жөнөп жаткан кыргызстандыктарга аталган мамлекеттин мыйзамдарын сактап, документ иштеринде так болууга чакырам", — деди Мамбетова.
Ал ортомчу жалган фирмаларга алданып калган кыргызстандыктарга дароо укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштады.