Бишкектеги инвестициялык саммит

Мясникович: ЕАЭБдин экономикасы солгундайт дегендер катуу жаңылды

Инвестициялык саммитке Россиянын Кыргызстан менен кызматташып келген региондорунун өкүлдөрү катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кризиске карабай ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасы өйдөлөөнүн үстүндө, рейтинг агенттиктеринин божомолу туура эмес болуп чыкты. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын башчысы Михаил Мясникович Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте билдирди.
"Эл аралык рейтинг агенттиктеринин көпчүлүгү ЕАЭБ мамлекеттеринин ИДПсы төмөндөп, 7-10 пайызды түзөт дешкен. Катуу жаңылышканына күбө болуп жатабыз. Өлкөлөрүбүздүн экономикасы туруктуу өнүгүүдө, кескин өзгөрүү жок, тескерисинче, өсүү байкалып келет", — деди Мясникович.
Эскерте кетсек, инвестициялык саммитке Россиянын Кыргызстан менен кызматташып келген региондорунун өкүлдөрү катышууда. Иш-чарада келечектүү инвестициялык долбоорлор сунушталып, талкууга алынат.
Бишкектеги инвестициялык саммит
Кыргызстан Евразияда Түз инвестициялар фондун түзүүнү демилгеледи