Бишкектеги инвестициялык саммит

ЕЭК: ЕАЭБ соодасынын багыты акыры Түштүк-Чыгыш Азияга бурулмак

Глазьев экономикалык өнүгүүнүн бир аз жайлап калгандыгын, бирок ошол эле учурда узак мөөнөттүү экономикалык пландар кабыл алынып, инвестициялар тартылып жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соодасы убакыттын өтүшү менен баары бир Түштүк-Чыгыш Азияга багыт алмак. Бул тууралу Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк экономика аталган аймакка ооп жатканын түшүнүү керек.
"Батыш байкоочулары бизге "баары кыйрап эч нерсе иштебей жатат, эл аралык укук да кыйрады" деп айтышууда. Алардын ою боюнча, абал өтө эле начар. Бирок Кытай менен Индияга көз чаптырганыбызда эч кандай катастрофа жок экенин көрүүгө болот", — деген Глазьев.
Ал экономикалык өнүгүүнүн бир аз жайлап калгандыгын, бирок ошол эле учурда узак мөөнөттүү экономикалык пландар кабыл алынып, инвестициялар тартылып жатканын айткан.
"Биздин соодабыз эртеби-кечпи Түштүк-Чыгыш Азияга багыт алмак. Болгону бул тездик менен жүрүп жатат жана ири чыгымга учуроодо. Кыйынчылыктар болот, бирок биз коркунучтуу эч нерсе көргөн жокпуз", — деп белгиледи министр.
Бишкектеги инвестициялык саммит
Россиялык бизнестин Борбор Азия экономикасына кошкон салымы айтылды