Депутат: пенсияны 6 миң сомго жеткире албай жатасыңар, эл соттошсо жооп бересиңер

Өлкөдө 200 миңдей кыргызстандык жашоо минимумунан аз пенсия алат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков 2023-жылы пенсиянын көлөмүн жашоо минимумуна жеткире албай калышса эл сотко берерин айтты.
Эл өкүлү Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевден пенсионерлер тууралуу статистиканы сурады.
Алиевдин айтымында, учурда пенсионерлердин жашоо минимуму 6 372 сом. Эң төмөнкү пенсия 2 000 сом, аны эмгек стажы жетпей калган (аялдарга 20, эркектерге 25 жыл) 10 500 киши алат. Ал эми 119 миң пенсионерге 5 миң сомдөн төмөн, 74 миң жаранга 6 миң сомго чейин төлөнөт. Жалпысынан 200 миңдей кыргызстандык жашоо минимумунан аз пенсия алат. Өлкөдө 739 миң пенсионер бар.
Мындан улам Жумабеков Конституциянын 44-беренесинде "2023-жылдан тарта эң төмөнкү пенсия жашоо минимумуна барабар болот" деген норманын аткарылышына түшүндүрмө сурады.
Алиев 10 жылдын аралыгында 3-7 пайыздан гана кошулуп келсе, быйыл 33 пайызга көтөрүлгөнүн белгилеп, акырындык менен ошол чекке жете турганын билдирди.
"Көпчүлүк биздин шайлоочулар Конституциядагы ушул пунктуга ишенип добуш берген деп ойлойм. Ар бир адам конституциялык укуктарын талашууга укуктуу. Эгер сиздерди Конституциялык сотко берсе, мыйзам алдында жооп беришиңиздер керек болот", — деп эскертти депутат.
Эч жерде иштебеген адам пенсияга чыга алабы? Соцфонд башчысынын жообу