Саммит: Бишкекке биринчилерден болуп Лукашенко келип түштү. Сүрөт

Бишкекке ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери келе баштады, тагыраагы, биринчилерден болуп Беларусь лидери Александр Лукашенко келип түштү
Жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкекке ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттери келе баштады, тагыраагы, биринчилерден болуп Беларусь лидери Александр Лукашенко келип түштү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Лукашенкону "Манас" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Лукашенко эртең, 9-декабрда, Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди.
Узбекистан президенти  Шавкат Мирзиёев. Архив
Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары жылды