БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Эртең, 9-декабрда, Бишкектин бардык мектептеринде жана лицейлеринде сабактар кыскартылат. Маалыматты калаанын мэриясынан тастыкташты.
Мындай чечим ЕАЭБ саммитине байланыштуу коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоо үчүн калаа милициясынын суранычы менен мэрия тарабынан кабыл алынган.
"Кортеждердин маршруту боюнча көптөгөн көчөлөр жана проспектилер убактылуу жабылып турат. Ошол эле учурда ата-энелердин жана калаа тургундарынын кечигишинен жана транспорттун кармалышынан нааразычылык пайда болушу мүмкүн", — деп билдирди милициядан.
Эртең Бишкекте ЕАЭБ лидерлеринин отуруму өтөт. Ага биримдиктин бардык мамлекет башчыларынын катышуусу күтүлүүдө.