Бишкектеги инвестициялык саммит

Бишкектеги инвестициялык саммитте Кыргызстан 150 долбоор сунуштайт

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн дагы 200дөй долбоор бар.
Sputnik
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан инвестициялык саммитте кыргыз тарап ар тараптуу 150 долбоорду сунуштайт. Бул тууралуу журналисттерге ЕАЭБ ишкерлер кеңешинин төрагасы, Кыргызстан өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун жетекчиси Данил Ибраев билдирди.
Ал долбоорду карап чыгуу үчүн иш-чарага ар түрдүү банктардын жана инвестициялык фондулардын өкүлдөрү катышып жатканын айткан.
"Кыргызстандын атынан ишкерлердин жана Улуттук инвестициялык агенттик сыяктуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын 150дөй долбоору сунушталат", — деди Ибраев.
Ал кеп жаңы долбоорлор жөнүндө болуп жатканын белгиледи. Ибраевдин айтымында, мындан тышкары, чет өлкөлдөрдөн дагы 200дөй долбоор бар.
Бишкектеги инвестициялык саммит
Кыргызстан 32 өлкө менен инвестицияны коргоо боюнча келишимдерге кол койду