БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. АКШ украин чатагын кеминде 2025-жылдын соңуна чейин созууну пландап жатат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтканын РИА Новости жазды.
"Вашингтон Украинадагы согуш отун жок дегенде 2025-жылдын аягына чейин тутандырып турууну ойлонуштуруп жатат. Муну алар өздөрү пландашууда, эч кимден жашырбаган документтерден көрүүгө болот", — деген Захарова.
Анын айтымына караганда, америкалык ЖМКлар "Ак үй — Киев — Ак үй" коррупциялык марафонун майда-чүйдөсүнө чейин көркүнө чыгарып жазууда. Кеп Жозеф Байдендин администрациясынын 2023-жылдын бюджетине Киевге кошумча жардам катары 37 миллиард долларды Конгресстин кошуп коюшуна умтулуп жатканы туурасында болууда.
Анын эң көп бөлүгү украин армиясынын муктаждыгын жабууга кетет, андан соң гана европалык, дүйнөлүк банктарга, жеке фондуларга эмне тиери чечилмекчи.
"Америка бийлигинин ноябрдын аягында Raytheon компаниясы менен 1,2 миллиард долларга абадан коргонуучу системаларды Киевге алуу үчүн үч жылга түзгөн келишими дал ушул логикага сыят", — деп белгилеген Захарова.