БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жума күнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңуп тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Ысык-Көл жеринде -2…+3, Нарында -5…-10 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, ал эми Ош шаарында -1…-3 градус болот.