Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков иштен бошотулду

Касымбеков Бейшеналиев жумушунан четтетилгенден кийин министрлик кызматты да аркалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулду. Кабарды министрликтин маалымат кызматы тастыктады.
Касымбековдун кызматтан кетишинин себеби жана анын ордуна ким келери айтылган жок.
Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иш козголуп, жумуштан четтетилгенден кийин аталган кызматты убактылуу Жаркынбек Касымбеков аркалап турган. Ал үч айга чукул иштеп (4-июндан 23-августка чейин), Бейшеналиев жапкан жеке менчик окуу жайларды жана клиникалардын кайра иштешине уруксат бериши менен эсте калды.
Жаркынбек Касымбеков 2022-жылдын 4-июнунда саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалган.
Саламаттык сактоо министринин орун басарлары бошотулуп, жаңылары дайындалды