БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк шейшемби күнү, 6-декабрда, валюта рыногуна 59,5 миллион доллар сатты. Бул тууралуу аталган банктан билдиришти.
Белгилей кетсек, дүйшөмбү жана шейшембиде доллардын орточо курсу анча өзгөргөн эмес. Бирок бүгүн, шаршембиде, 43 (сатып алуу)-48 (сатуу) тыйынга кымбаттады.
Башкы банк курсту жөнгө салуу үчүн доллар сатып, сатып алып турат.
Жакында эле Улуттук банк накталай чет элдик валюта жетишсиз болуп, бирок накталай эмес формада жетиштүү экенин билдирген. Адатта интервенциялар боюнча маалыматтар накталай эмес формадагы операцияларды көрсөтөт.
Бул — өлкөдө быйылкыга карата жасалган жетинчи интервенция. Беш интервенция жылдын биринчи кварталында жасалса, алтынчысы ноябрда катталган.
Улуттук банк быйыл жалпысынан 332 миллион 350 миң доллар саткан. Андан тышкары, чет элдик валюта жети жолу рынокко чыгып, жалпысынан 190 миллион 740 миң долларды сатып алган.