Саламаттык сактоо министринин орун басарлыгына Тилек Мамадалиев дайындалды

Ал буга чейин министрдин кеңешчиси болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Тилек Мамадалиев саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, Мамадалиев бүгүн, 7-декабрда, министрликтин жамаатына тааныштырылган. ЖМКлардын маалыматына ылайык, ал буга чейин саламаттык сактоо министринин кеңешчиси болуп иштеген.
Министрдин буга чейинки орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулган болчу. Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп кармалгандан кийин Касымбеков министрдин орун басары кызматына дайындалып, министрдин милдетин аткаруу иши жүктөлгөн. Ал ушул жылдын июнь айынан тартып августка чейин иштеди.
Бийликти басып алууга шектелген Жетигенов Ошко мэр болуп дайындалды