Кыргызстанда нандын баасы туруктуу сакталууда. Антимонополия себебин айтты

Ошол эле учурда ундун баасы июль айына салыштырмалуу эки сомго арзандаган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөдө нандын баасы үч айдан бери туруктуу сакталып турганын билдирди.
Мекеменин кызматкерлери нан өндүрүүчүлөр менен жолугушуп бааны негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы айтылды. Ага ылайык, Бишкекте тандыр нанынын бир килограммы үч айдан бери 90 сомдон, бөлкөнүн килограммы 60 сомдон болуп жатат. Эң кымбаты Баткен шаарында катталган, тандыр нан (1 кг) 62, бөлкө (1 кг) 100 сомдон сатылууда.
Антимонополия баанын туруктуу кармалып турушуна Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде буудай унуна баа өзгөртүлбөй сатылып жатканы чоң таасир эткенин белгиледи. Ошол эле учурда 1-декабрга карата өлкөдө 1-сорттогу буудай унунун бир килограммы 43 сомду түзүп, июль айына салыштырмалуу эки сомго арзандаган.
Кыргызстанда жашоо 70 сомго арзандады. III кварталдын жыйынтыгы