Мекендештерин 2,5 млн. долларга алдап кеткен Кытай жарандары Оштон кармалды

Колго түшүрүлгөндөр 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Мекенинде ири алдамчылыкка шектелген Кытай жарандары Ош шаарынан кармалганын ИИМ кабарлады.
Интрепол багыты боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 59 жана 55 жаштагы эркек менен аял колго түшүрүлгөн.
ИИМдин маалыматы боюнча, шектүүлөр калктан ири көлөмдө акча алган делип Шэньси провинциясынын укук коргоо органдары тарабынан 2020-жылдан бери изделип келген.
"Финансылык шылуундук менен алар 40тан ашуунун кишинин 17,44 миллион юанын (болжол менен 2,5 миллион доллар) өздөрүнө ыйгарып алган", — деп айтылат кабарда.
Экстрадиция маселелери менен тийиштүү органдар алек болот.
Кыргызстандыктарды 77 млн. сомго алдап кеткен жаранды Польшадан кармап келишти