БИШКЕК, 7-дек.— Sputnik. Россия нефтисинин баасын чектөө Батыш өлкөлөрүнүн өзүнө зыян алып келет. Бул тууралуу Кытайдын Global Times басылмасы жазды.
"Россиянын Кытай жана Индия өңдүү кардарлары бар, болбосо Москва нефтини Жакынкы Чыгышка, андан ары Европага экспорттоо менен бардык кесепеттерди жоё алат", — деген аналитик Цуй Хэн.
Ал Евробиримдик соңунда бул чечиминен өзү кыйналарын кошумчалап, уюм Россия мунайынын ордуна башка варианттарды издөөгө аргасыз болорун, аны Улуу Британия менен АКШдан кымбат баага алууга туура келерин айткан.
"Россия нефтисинин баасын аныктоо менен алар бул тармактагы рыноктук принциптерди бузушту. Мындай кийлигишүүлөрү алардын өкмөтүнө болгон ишенимди жоготуп, Батыштын ансыз да кыйналып турган экономикасын ого бетер оорлотот", — деген эксперт Ван Ивэй.
Маалыматта нефтиге карата бааны аныктоо Россияга көп деле таасир бере албастыгы айтылат. Бирок бул чектөө Батыштын ичиндеги олуттуу пикир келишпестиктер бар экендигин көрсөтүп койгондугу белгиленген.
Батыш өлкөлөрүнүн нефтиге карата чектөөлөрү 5-декабрда күчүнө кирди. Евробиримдик Россиянын деңиз аркылуу ташылган мунайын алууну токтотту. "Чоң жетилик" өлкөлөрү менен Евробиримдик деңиз аркылуу ташылган мунайдын баасын бареллине 60 доллар деп чектеген. Россия Европанын нефть керектөөсүнүн 20 пайызга жакынын жаап келген.