Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш аземи өтөт

Концерттик программада кыргыз-орус элдеринин улуттук ыр-бийлери, комуз жана балалайкада чеберчилик менен черткен номерлер бар.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 12-декабрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Россиянын маданият министринин орун басары Владимир Осинцев жана Саха Якутия Республикасынын маданият жана руханий өнүгүү министри Юрий Куприяновдун келүүсү күтүлүүдө.
Ал эми чыгармачылык топтун катарында М.Е. Пятницкий атындагы мамлекеттик академиялык орус элдик хору, Адыгей мамлекеттик академиялык "Нальмэс" элдик бий ансамбли, С.А. Зверев-Кыыл Уола атындагы Саха Республикасынын улуттук бий театры бар.
Концерттик программада кыргыз-орус элдеринин улуттук ыр-бийлери, комуз жана балалайкада чеберчилик менен черткен номерлер бар.
Салтанаттуу иш-чара 12-декабрда саат 18:00дө башталат.
Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында 2020-жылды эки өлкөнүн кызматташтыгынын эриш-аркак жылы деп жарыялоо чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу ошол эле жылдын 27-февралында Кремль сарайында мамлекет башчылардын катышуусунда эриш-аркак жылынын ачылыш аземи өткөн.
Садыр Жапаров Россия менен эриш-аркак жылын узартууну сунуштады