Унутулгус образдар, бийик чеберчилик. Советбек Жумадыловдун сүрөттөгү элеси

Быйыл белгилүү театр жана кино актеру Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул датага утурлай таланттуу инсандын сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Советбек Жумадылов 1932-жылы 5-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Тепке айылында жарык дүйнөгө келген. Мугалимдикти аркалагысы келген өспүрүм 7-классты аяктаган соң Каракол шаарындагы педагогикалык окуу жайга тапшырган. 1948-жылы шаарга таланттуу балдарды издеген атайын комиссия келип, жаш талантка Ташкенттеги Островский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтуна тапшыруу сунушун берет. Ошентип чыгармачылыкка кадам ташталган. Өзбекстандан окуп келгенден кийин Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына кирип, ал жакта 50 жылга жакын эмгектенген.
Кыргыз ССРинин эл артисти чыгармачылык жолунда 40ка жакын тасмада роль аткарып, театрда Семетей, Бакайдан баштап Отелло, Ричард, Омар Хаямга чейинки ондогон образды жараткан.
Улуу актер, залкар талант 2001-жылы борбор калаада 68 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.
1 / 20

Советбек Жумадылов мугалим болмок, бирок таланты театрга жетелеп келген

2 / 20

Айдарбек датканын ролундагы Советбек Жумадылов менен кинорежиссер Геннадий Базаров. "Каныбек" кинофильмин тартуу учурундагы репетиция

3 / 20

"Көздүн кареги" кинокартинасындагы бир эпизод. Сүрөттө Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе шаары, 1976-жыл.

4 / 20

Мелис Убукеевдин "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" тасмасы. Таланттуу актер Советбек Жумадылов менен казакстандык актриса Венера Ибрагимова.

5 / 20

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев, Казакстандын эл артисти Досхан Жолжаксынов менен Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов иш үстүндө. "Алтын күз" фильми.

6 / 20

Океевдин "Отко таазим" тасмасында роль аткарган Советбек Жумадылов менен Алымкул Алымбаев. 1971-жыл

7 / 20

"Бакайдын жайытын" тартуу учуру. Боз үйдүн жанында эс алган Төлөмүш Океев, Советбек Жумадылов жана монтажер Ракия Шершенова. 1966-жыл, Суусамыр жайлоосу.

8 / 20

"Тайгак кечүүгө" тартылган Советбек Жумадылов. Актерго киночулар арасында суроо-талап күч болгон.

9 / 20

Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартинасында Жумадылов (Байзак) жан-жөкөрлөрү менен

10 / 20

"Көчө" кинофильминде Кыргыз ССРинин эл артисти Советбек Жумадылов менен СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева. Ош облусу, 1972-жыл.

11 / 20

Дооронбек Садырбаевдин "Акбарынын көз жашында" Бостон (Советбек Жумадылов) жалгыз уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келген эпизод

12 / 20

Кыргыз ССРинин эл артисти сахнанын чебери болгон. Актер "Эзоп" спектаклинде роль аткарууда.

13 / 20

Актер кесиптештери менен. 1974-жыл. Жумадылов "Биринчи мугалим" тасмасында Каим бийдин ролун ойногон.

14 / 20

Улуу актер кесиптештери Айтурган Темирова жана Гүлсара Ажыбекова менен

15 / 20

Режиссер Яков Бронштейндин "Бактылуу адамдын жоруктары" кинофильминен бир көрүнүш

16 / 20

Түрмөдө жаткандар менен чогуу тартылган Жумадылов Базаровдун "Айың" кинокартинасында

17 / 20

Базаровдун "Приют для совершеннолетних" фильминде актер ак халатчандын ролунда

18 / 20

Жумадылов театрда да, тасмада да түрдүү ролдорду чеберчилик менен аткарып, унутулгус образдарды жараткан

19 / 20

Кыргыз ССРинин артисти жубайы жана баласы менен съемка учурунда

20 / 20

Режиссер Геннадий Базаровдун "Айың" кинокартинасында актер Калман аттуу жигиттин ролунда

Тема боюнча:
"Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдарын" тарткан Нуртай Борбиевди эскерип...
Өмүрүн дипломатияга, мамлекетке арнаган. Ишенбай Абдуразаковдун сүрөттөрү