Чакан жана орто ишкерлердин Соцфондго төгүмү төрт жылга ылдыйлады

Төгүмдөрүнүн тарифтик ставкалары 2027-жылдын 1-январына чейин төмөндөтүлгөнү айтылды. Бирок бул баарына тиешелүү эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи төмөндөтүлдү. Бул туурасында Салык кызматынан кабарлашты.
2022-жылдын декабрынан тартып жылдык кирешеси 30 миллион сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъектилер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтик ставкалары 2027-жылдын 1-январына чейин төмөндөтүлгөнү айтылды. Бул чакан жана орто ишкердиктин субъектилерин колдоо, өнүктүрүү жана аларды көмүскөдөн чыгаруу максатында жасалууда.
Өзгөртүүлөр мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, ошондой эле мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан ашык болгон ишканаларга жана уюмдарга тиешелүү эмес.
Жылдык кирешеси 30 миллион сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердиктин субъектилери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи төмөнкүдөй:
жалданма жумушчуларынын саны 5-14 адам болсо – 27,25 пайыздан 22 пайызга чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 12 пайыз жана жумушчудан 10 пайыз);
жалданма жумушчуларынын саны 15 адам жана андан көп болсо – 27,25 пайыздан 14 пайызга чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 4 пайыз жана жумушчудан 10 пайыз).
Мындан тышкары, чакан жана орто бизнестин субъектилери үчүн Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду (0,25 пайыз) алып салынган.
Отчетто 1-4 адамды көрсөткөн чакан жана орто ишкердиктин субъектилери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи өзгөрүүсүз калат – 27,25 пайыз (жумуш берүүчүдөн 17,25 пайыз жана жумушчудан 10 пайыз).
"Ошону менен бирге тарифтик ставкалар боюнча 27,25 пайыз төлөгөн бардык төлөөчүлөр үчүн – иш берүүчү жумушчулары үчүн төлөй турган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан аз болушу мүмкүн эмес", — деп белгилешти Салык кызматынан.
Жаңы жылдан кийин накталай эмес төлөмгө да сатуудан алынчу салык салынат