Радио

Жураева: Бишкекте аял режиссерлордун кино жумалыгы өтүүдө

Иш-чараны уюштургандардын бири, режиссер Асел Жураева аял режиссерлордун чыгармачылыгын түшүнүү жана колдоо керектигин айтты.
Sputnik
Бишкекте аял режиссерлордун кино жумалыгы өтүүдө. Бул тууралуу Асел Жураева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-чаранын негизги максаты — аял режиссерлорду колдоо.
"Аталган жумалыкта айым режиссерлор тарабынан тартылган зордук-зомбулукка каршы тасмалар көрсөтүлүп жатат. Кызыккандар келип, акысыз көрүп кетсе болот. Күн сайын Тарых музейинде саат 16:00дөн 18:00гө чейин коюлууда. Кино жумалыгы 8-декабрда жыйынтыкталат. Тасмаларды көрүп эле кетип калбастан, авторлор менен бирге талкуу да жүргүзүп жатабыз. Иш-чаранын негизги максаты — айым режиссерлордун чыгармачылыгын колдоо. Ачылышында "Башка бирөө" жана "Кыргыздын кыраан кыздары" тасмалары тартууланды. Өлкөбүздө негизинен кино тарткан кыз-келиндер абдан аз. Бирок барган сайын акырындык менен саны өсүп жатканы кубантарлык көрүнүш. Биз бири-бирибизди колдоп, "Мен сага ишенем" деген сөздү көбүрөөк айтышыбыз керек", — деди режиссер.
Ал жумалыкта көрсөтүлүп жаткан тасмалардын ар биринде адамзатка, анын ичинде өзгөчө кыз-келиндерге тиешелүү көйгөйлөр экран аркылуу коомго айтылып жатканын кошумчалады.