Билим берүү мекемелерин лицензиялоо тартиби өзгөртүлдү. Ага ылайык, лицензия алуу шарттары кыйла жеңилдеди. Бул тууралуу Алина Мусаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын 7-октябрында билим берүү мекемелерин лицензиялоо тартибин өзгөртүү боюнча министрлер кабинетинин № 552 токтому чыккан.
"Билим берүү мекемелерин лицензиялоо тартиби өзгөртүлдү. Ага ылайык, лицензияда окуучулардын контингенти көрсөтүлбөйт. Башкача айтканда, билим берүү уюму рынок шарттарына ылайык жыл сайын өздөрүнө чектелген контингентти белгилешет. Натыйжада жыл сайын контингенттин санын көбөйтүү же азайтуу арызы менен министрликке кайрылууну жокко чыгарат. Мындан тышкары, мурда колледж, ЖОЖдорго менчик имараттын болушу талап кылынса, азыр министрлер кабинетинин чечиминин негизинде имарат ала алат. Ошондой эле мугалимдер менен эмгек келишимин түзүү гана жетиштүү. Мурда аларды штатка алуу талап кылынчу. Лицензияга тапшырык берүү аны алууга кепилдик бербейт. Ошондуктан бул талап өз кезегинде лицензия алганга чейин педагогдорго маяна төлөөдөн бошотот. Ошондой эле мугалимди иштеп жаткан жеринен бошобой турушуна шарт түзөт. Лицензияда билим берүү мекемесинин дареги көрсөтүлөт. Аны өзгөртүү же кошумча филиал ачылса министрликке кабарлап коюу гана жетиштүү болот. Мындайча айтканда, бир топ жеңилдиктер каралды. Ошол эле учурда медициналык билим берген уюмдарга талап катаалдады. Алсак, медициналык окуу жайларда сөзсүз клиникалык база болушу шарт", — деди Мусаева.
Ошондой эле ал билим берүү мекемесинин деңгээлине жараша кошумча талаптар бар экенин кошумчалады.