БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Баткен облусунун калкынын жашоосун жеңилдеткен IT-чечим үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы билдирди.
"Мында жаңы программалык камсыздоону иштеп чыгуу же процессти автоматташтыруу сунуштары каралат. Бул, мисалы, калкка шашылыш кайрылуу системасын иштеп чыгуу жана башка ушул сыяктуу саамалыктар болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Сынактын негизги талабы — долбоор техникалык жана экономикалык жактан ишке ашырууга ылайыктуу болушу керек.
Сынакка катышуу үчүн арыздар 2022-жылдын 16-декабры саат 23:59га чейин кабыл алынат.
Конкурс эки этап менен өтөт:
Биринчи бөлүктө 16-декабрга чейин арыздар кабыл алынат;
Экинчи бөлүктө жылдын аягына чейин биринчи этаптан өткөндөр бизнес-планы менен мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн ырастаган документтерди (жеке ишкердик күбөлүгү же ЖЧК күбөлүгү) тапшырышат.
Тандоонун жыйынтыгы боюнча бир же бир нече жеңүүчү аныкталышы мүмкүн, 1 миллион сомдук байге жеңүүчүлөр арасында бөлүнөт.