Министрлер кабинети "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдингин жоюуну чечти

Холдинг өз ишин 2021-жылдын январында баштаган. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында аталган ишкананын жетекчиси кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдингин жоюп жатканын Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому 2021-жылдын 29-январында түзүлгөн. Анын негизги милдети Кумтөр сыяктуу мамлекеттик кендерди тейлеп, казууга лицензия берүү болгон. Анын уставдык капиталында республикалык бюджеттен 3,4 миллиард сом болгон. Жоюуга байланыштуу 2,7 миллиард сом бюджетке кайтарылат. 700 миллиону "кредиторлордун талаптарын канааттандырууга" багытталат.
Алардан:
638 миллион сом же Мамлекеттик салык кызматынан алынган кен иштетүүгө лицензиялардын 97 пайыздан ашыгы;
20 миллион сомго жакын акчаны ишкана уюшулгандан бери иштеп келе жаткан кызматкерлердин эмгек акысына жана холдингдин жайларынын ижара акысын төлөөгө жумшады.
Аталган компаниянын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалган. Октябрь райондук сотунун чечими менен ал 10-январга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. "Кумтөр голд компани" ишканасынын ишин текшерип, Башкы прокуратура 3 кылмыш ишин козгогон. Коррупциялык схеманын кесепетинен мамлекетке дээрлик 1 миллиард сом зыян келтирилгенин көзөмөл органы билдирди.
Эсеп палатасы: "Кумтөрдү" беш ай текшердик, 4,5 млрд. сомдук зыян аныкталды