Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын пилотсуз аппараттары РФтин аэродромдоруна чабуул койду. Жарадарлар бар

Пилотсуз учуучу аппараттар Россиянын эки облусунун аймагында учуп жүргөнүн билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Киев режими "Дягилево" жана "Энгельс" аскердик аэродромдоруна реактивдүү пилотсуз аппараттары менен чабуул коюуга аракет жасады. Бул туурасында Россиянынын Коргоо министрлигинен кабарлашты.
ПВО Рязань, Саратов облустарынын аймагында өтө бийик эмес учуп жүргөн пилотсуз аппараттарды кармашкан, бирок кулап жарылганда техникалардын сырты азыраак майышкан.
Окуядан россиялык үч аскер кызматкери курман болуп, дагы төртөө жабырланган.
“Киев режиминин террордук акты менен Россиянын алыска учуучу авиациясынын ишин үзгүлтүккө учуратуу аракетине карабастан, бүгүн саат 15:00 чамасында Украинанын аскердик башкаруу системасына жана коргонуунун тиешелүү объектилерине массалык сокку урулду. Ал аба жана деңиздеги жогорку тактыктагы куралдар менен жасалган”, — дешти министрликтен.
Мээленген жерлерге так тийгендиктен 17 объект талкаланган. Ведомстводон украиналык аскерлерди, чет элдик куралдарды темир жол аркылуу ташуу үзгүлтүккө учураганын кошумчалашты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Донецкидеги чиркөө украин аскерлеринин аткылоосуна кабылды. Видео