Байланышыбызды жогору баалайм. Си Цзиньпин Садыр Жапаровду куттуктады

Си Цзиньпин Садыр Жапаров менен Самарканддагы жолугушуусу ийгиликтүү өткөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кытай жетекчиси Си Цзиньпин өлкө башчысы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Кытай менен Кыргызстан — ынак коңшу, жакшы дос, ишенимдүү өнөктөш жана бир тууган. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурам жана сиз менен болгон жеке достугубузду, иштиктүү байланышыбызды жогору баалайм. Өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктөгү кытай-кыргыз мамилелерин илгерилетүү, жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн сиз менен биргелешкен күч-аракетти жумшоого даярмын", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Си Цзиньпин Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Садыр Жапаров менен жолугушуусу ийгиликтүү өткөнүн айтып, эки тараптуу мамилелерди бекемдөө боюнча пикир алмашуу болгонун кошумчалаган.
Ошондой эле Кытай лидери президент Садыр Жапаровго чың ден соолук жана бардык иштерине ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, 54 жашка толуп жаткан Садыр Жапаровду буга чейин РФ лидери Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиеев куттукташкан.
Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады