БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Путин Жапаровду алгач туулган күнү менен куттуктап жана 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибин сүйлөшкөн.
"Жылуу баарлашууда учурдан пайдаланып Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакыт, бакубатчылык жана жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Жапаров россиялык кесиптешине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолору жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык айткан. Ал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык эки өлкөнүн элинин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да алдыга өнүгүп, чыңдала берерине ишенимин билдирген.
"Мамлекет башчылар ошондой эле кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилеринин саммити 9-декабрь күнү Бишкекте өтөт. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.