Жапаров катышчу "Мурас" футболдук турнири. Кимдин ким менен ойноору аныкталды

Топтук оюндар 14-декабрда, ал эми чейрек финал, жарым финал жана финал 15-декабрда өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бүгүн, 6-декабрда, футбол боюнча "Мурас" турниринин чүчү кулак тартуу аземи өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу маалымдады.
Иш-чара Кыргыз футбол союзунун кеңсесинде өтүп, ага турнирге кирген 16 команданын өкүлдөрү катышкан.
Чүчү кулактын жыйынтыгы боюнча 16 команда төрт топко бөлүндү:
А тайпасы: "Президенттин командасы", "Фемида", "Журналисттер", "Спорт федерациялары";
В тайпасы: "Жогорку Кеңеш", "Коопсуздук", "Достук", "Бизнес";
С тайпасы: "Алга", "Элчилер", "Спорт жылдыздары", "Билим";
D тайпасы: "Ыйман", "Өнөр", "Аймактар", "Ден соолук".
Биринчи беттештен соң ар бир тайпадан жеңүүчүлөр жана өз тобуна экинчи орунду алган командалар жарым финалга чыгышмакчы.
Топтук оюндар 14-декабрда, ал эми чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттеш 15-декабрда өтөт.
А жана В тайпаларынын оюндары түз эфирде ЭлТР каналынан, ал эми С жана D тайпаларынын беттеши УТРК каналынан көрсөтүлөт.
Турнир өлкөдө спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу максатында уюштурулган. Иш-чара Кыргыз футбол союзунун жана президенттик администрациянын демилгеси менен жылына эки жолу өтөт.
Бишкекте Садыр Жапаровдун катышуусунда футболдук турнир өтөт