Кант менен Кара-Балтада заводдор курулат

Түркиялык инвесторлор ар бир долбоорго 5-25 миллион доллар сарптай тургандыгы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Түркиялык инвесторлор Кант жана Кара-Балта шаарларында жаңы заводдорду курат. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, түркиялык ишкерлер Кара-Балта шаарына таштандыны кайра иштетүүчү заводун, ал эми Кант шаарына асфальт жана пластик тетиктерин өндүрүүчү завод курууну пландаштырып жатат.
Министрлер кабинети инвесторлор ар бир долбоорго 5-25 миллион долларга чейин сарптай тургандыгын билдирген. Ошондой эле чет элдик ишкерлердин Чүй облусунун Аламүдүн районуна текстиль фабрикасын жана сүттү кайра иштетүүчү завод курууга кызыкдар экендиги кошумчаланды.
Бийлик Бишкекке трамвай жүрүүчү жол куруу үчүн инвестор чакырууда