2020-жылы 100 миң кишинин ичинен кургак учук менен жабыркаган 64 киши, 2021-жылы 68 оорулуу аныкталды. Ички миграциядан улам Чүй облусунда, Бишкек, Ош шаарларында аталган илдет менен жабыркаган бейтаптар көп. Бул тууралуу Гүлайым Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кургак учук менен ооруган адамдын тамагы 3-4,5 миӊ килокалориядан ашык болушу керек.
"Кургак учуктун алгачкы белгилерин аныктоо оңой эмес, себеби ал башында анча байкалбай жүрүп күн өткөн сайын күчөй баштайт. Ошону менен бирге бул мезгилде бейтаптын жанындагы адамдарга оору жугуп калуу коркунучу бар. Бирок баарына эле жуга бербейт. Кургак учук менен иммунитети начар, өнөкөт оорулары бар, селсаяктар же тамеки чегип, алкоголдук ичимдик ичкен адамдар ооруп калат. Бул дарт өпкөдө пайда болуп, ачык формада болушу өтө кооптуу. Азыркы күндө медицинанын өсүшүнүн натыйжасында кургак учуктун түрүн, кимден кимге жана кайсы мезгилде жуккандагын аныктап, ага жараша дарылоого шарт бар. Бул багытта фонд, бейөкмөт уюмдар жардам кылды. Биз бейтаптардан болгону оорунун белгилери болгондо эле дарыгерге өз убагында кайрылууну өтүнөбүз. Эгер адамдын жөтөлү эки жумадан ашык токтобосо, кургак учук жуктурганынын анык белгиси болуп саналат. Жөтөл адамдын салмагын түшүрөт, алсырап, түнү тердеп жана ишке жөндөмдүүлүгү жоголот. Ошондой эле илдетке чалдыккан адам чыйрыгып, бирок дене табы 37,5-38 градустан ашпайт. Азыр бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу окутулуп, кургак учукту аныктай ала турган мүмкүнчүлүгү бар. Кургак учуктун дарыга туруктуу түрү менен жабыркагандардын санынын көбөйүшү негизги маселе болууда. Илдетти дарылоо мөөнөтү узак болгондуктан бейтаптар дарыны орто жолдон таштап салган учурда бактерия дарыны тоготпой калат. Андыктан бейтаптын жакындарынын көзөмөлү, колдоосу өтө маанилүү", — деди Абдылдаева.
Ал кургак учук жуктуруп алган адамдарды текшерүү, ооруну аныктоо иштери акысыз болуп, дары-дармеги бекер берилерин кошумчалады.