Радио

Касымкулов: катуу ооруган адам түрмөдө отурбашы керек

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун көзөмөл жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Бакыт Касымкулов 2019-жылдан 2021-жылга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде (ЖАМК) 151 киши түрдүү шартта каза тапкандыгын айтты.
Sputnik
Түрмөдө отурган жаран өтө катуу ооруган учурда дарыланууга же үйүнө чыгарылышы керек. Тилекке каршы, аларды өмүрүнүн аягына бир-эки ай калганда бошотуп, үйүндө көз жумгандардын саны кескин өстү. Бул тууралуу Бакыт Касымкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ЖАМК мекемелеринде түрдүү оорулардан дүйнө салган окуялар көбөйдү.
"Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору абактагы жарандардан кабар алып турабыз. Көп учурда түрмөдө жазасын өтөп жаткандар кыйноолорго жана катаал мамилеге дуушар болушууда. Мисалы, түрмөдө отурган жаран өтө катуу ооруган учурда дарыланууга же үйүнө чыгарылышы керек. Тилекке каршы, аларды өмүрүнүн аягына бир-эки ай калганда бошотуп, үйүндө көз жумгандардын саны кескин өстү. Илдеттердин тизмеси бекитилген өкмөттүн атайын токтому болгонуна карабастан оор дартка чалдыккан адам тиешелүү медициналык жардам ала албай жатат. Алсак, 2019-жылдан 2021-жылга чейинки аралыкта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринде 151 киши түрдүү шартта каза болгон. COVID-19 вирусун жуктуруп, суицид, кан оорулары, жүрөк ооруларынан жабыр тартышууда. Ал эми онкологиялык ооруга кабылгандар мыйзам боюнча абактан бошотулушу керек", — деди Касымкулов.
Ошондой эле адис абактардагы медициналык жардам көрсөтүү жол-жобосун кайрадан карап, иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.