Радио

Бердиев: электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу мыйзамда көрсөтүлгөн

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын башкы директорунун орун басары Асхат Бердиев күз-кыш айларында жарандар электр энергиясын үнөмдөөгө мыйзамдын чегинде милдеттендирилгендигин айтты.
Sputnik
"Электр энергиясын колдонуу эрежелери" мыйзамынын 79-беренесинде күз-кыш мезгилинде жарыкты үнөмдүү колдонууга жарандар милдеттендирилген. Бул тууралуу Асхат Бердиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мыйзамда ар күн сайын эртең менен 7:00-10:00гө чейин, кечкисин саат 18:00-21:00 аралыгы жылытуучу приборлорду иштетүүгө тыюу салынган.
"Суук түшкөндө электр кубатын жылуулук үчүн колдонуу күчөйт. Андыктан күз-кыш айларында жарыкты үнөмдүү колдонуу эрежелери мыйзам чегинде көрсөтүлгөн. Ага ылайык, эртең менен үч саат, кечкисин үч саат жылытуучу приборлорду саюуга тыюу салынган. Биз бул багытта рейддерди жүргүзүп турабыз. Эсеп дүмүрчөктөрдүн арткы бетине да жазып жатабыз, ЖМКлар аркылуу дайыма айтып келебиз. Ошентсе да так ушул электр энергиясын эл көп колдонуп, тамак-аш жасаган учурда деле жылытуучу каражаттарды сайып отургандар болууда. Аларды түнкүсүн же башка убакта иштетип, жарыкты колдонууда да сарамжалдуулукка үйрөнсөк, бул жалпы республиканын күз-кыш айларында үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалышына түздөн-түз таасирин тийгизет", — деди Бердиев.
Ал былтыр кышында электр энергиясын үнөмдөө жарандар тарабынан жогорку деңгээлде аткарылганын кошумчалады.