БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Түндө футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыга турган эки команда аныкталды.
Япония менен Хорватиянын беттеши бүйүр кызытты. Негизги 90 мүнөттүктө 1:1 эсебинде тең чыгып, кошумча 15 мүнөт берилди. Бирок анда да жеңүүчү аныкталбагандыктан пенальти сериясы дайындалды. Ушул учурда япониялык футболчулар жаза басып каршылаштарынын дарбазасына топ киргизе албай коюшту. Ал эми хорватиялыктар мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок, натыйжада 3:1 эсеби менен жеңип алышты.
Андан соң Бразилия менен Түштүк Корея кез келип, 4:1 эсебинде азиялык команда утулуп калды. Бразилиянын оюнчулары Винисиус Жуниор (7-мүнөттө), Неймар (13-мүнөттө пенальтиден) Ришарлисон (29-мүнөттө) жана Пакета (36-мүнөттө) командасын гол менен камсыздады. Ал эми кореялык Пэк Сын Хо 76-мүнөттө бир топ киргизди.
Бул оюндардын жыйынтыгында Бразилия менен Хорватия чейрек финалда күч сынаша турган болду.