Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ атайын операция тууралуу фейктерди тараткан бот-ферманын видеосу чыкты

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган адамдардын тобу россиялык байланыш операторлорунун телефондорун колдонуп, АКШда 2020-жылы өткөн президенттик шайлоого Россиянын кийлигишүүсүн имитациялоодо ушундай эле схеманы колдонгону аныкталган.
Sputnik
Атайын операция тууралуу фейктерди таратты деп айыпталып жаткан 40 жаштагы колумбиялык жарандын ишин тергөө учурунда маалыматты аралыктан жайылткан телефондор сакталган жай табылды. Бул тууралуу видеоматериалдарга таянуу менен РИА Новости жазды.
Иликтөөнүн жүрүшүндө билдирүүлөрдү жапырт жөнөтүү үчүн смартфондордун бот-фермалары пайдаланылганы аныкталган. Мындай бот-ферманы чет элдик жаран чогултуп, Москванын түндүгүндөгү соода борборлорунун бирине таандык спорттук клубдун чечинүүчү жерине катып койгон. Видеодо белге тагылуучу барсетка сумканын ичинен аккумуляторго туташылган бир нече смартфон табылганы көрүнүп турат.
"Алар (кураторлор — ред.) эл көп чогулган жер табууну айтышты. Бул ар кыл телефондон эң көп маалымат агымын камсыздамак", — деп түшүндүрүп берген айыпталуучу.
Суракта эркек киши айыбын мойнуна алганы менен бот-ферманын ээси гана экенин айтып берген. Муну уюштургандар жана администраторлору чет жакта жашап, Альберто менен тымызын байланышка чыгышкан. Алар Альберто смартфондорго орноткон программалык камсыздоо менен телефонду кармап тургандай башкарышкан.
"Фактылардын баары чогулгандан кийин саатка карап алардын тиги тарапта (планетанын — ред) экенин, башкача айтканда, Америкада экенин түшүндүк. Андан ары жүрүп отуруп Түндүк Америка экенин аныктадык", — деп айтып берген Альберто.
Эскерте кетсек, буга чейин Россиянын Тергөө комитети Колумбиянын жараны Хиральдо Сарайдын үстүнөн козголгон кылмыш иши тергелип бүткөнүн билдирген. Ал атайын операция учурунда РФ Куралдуу күчтөрүнүн пайдаланылышы тууралуу жалган маалыматты билип туруп тараткан деп айыпталууда. Тергөөнүн билдиргени боюнча, чет жактан келген буйрук менен ал акчага жалган маалыматтарды жапырт таратууну уюштурган. Мында кылмышкерлер мобилдик түзүлүштөрдү аралыктан башкарып, Россиянын тургундарынын атынан билдирүүлөрдү ойлоп таап турушкан. Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган адамдардын тобу россиялык байланыш операторлорунун телефондорун колдонуп, АКШда 2020-жылы өткөн президенттик шайлоого Россиянын кийлигишүүсүн имитациялоодо ушундай эле схеманы колдонгону аныкталган.