Борбор Азиядагы суунун тартыштыгы эмнеге кептеши мүмкүн? ЕАӨБ божомолун айтты

Бул экономиканын өнүгүшүнө жана калктын саны өскөнүнө байланыштуу.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Борбор Азиядагы электр энергиясын көбүрөөк колдонуу сугат мезгилинде суунун тартыштыгын жаратышы мүмкүн. Бул туурасында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) "Борбор Азиянын суу-энергетикалык комплексин жөнгө салуу" докладында маалымдалган.
ЕАӨБдүн аналитиктеринин эсептөөсү боюнча, Борбор Азияда экономиканын өнүгүшүнө жана калктын санынын өскөнүнө байланыштуу 2020-2050-жылдары электр энергиясын керектөөчүлөр көбөйөрү күтүлүүдө. Бул мезгил климаттык өзгөрүүлөр активдешип, Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыя бассейндеринде суу азаят деген божомолго дал келет.
"Суу сактагычтар жетиштүү өлчөмдө толбой калышы электр энергиясын иштеп чыгууну кыскартууга жана сугат мезгилинде суунун тартыштыгына алып келет. Ошондой эле суу пайдалануу боюнча мамлекеттер аралык келишимдердин шарттарын оорлотот", — деп жазылат докладда.
Аналитиктер мунай, газ жана электр энергиясын колдонуу жаатында региондор аралык кызматташтыкты күчөтүү керек деп эсептейт. Аны менен бирге чек аралаш аккан дарыялардагы сууну пайдалануунун узак мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу зарылчылыгын белгилешкен.
ЕАӨБ кийинки жылы өлкөдөгү инфляция үч эсе азая турганын божомолдоду