Борбор Азия өлкөлөрүнүн көбүндө сууну колдонуу эмнеге кыскарды. Эксперттик пикир

Сууну пайдалануу баарынан мурда Кыргызстан менен Казакстанда азайган.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн ичинен төртөөндө 1997-2018-жылдар аралыгында суу ресурстарын колдонуу көлөмү азайды. Бул туурасында Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) "Борбор Азиядагы суу-энергетикалык комплексин жөнгө салуу" деп аталган докладында айтылган.
Колдонуу канча көлөмгө кыскарды:
Казакстанда (жылына 3,6 миллиард куб метр суу же жогоруда көрсөтүлгөн убакытка (21 жыл) карата алганда 12,5 пайыз);
Кыргызстанда ( 2,4 миллиард куб метр суу же жогоруда көрсөтүлгөн убакытка карата алганда 24 пайыз);
Тажикстан менен Өзбекстанда пайдалануу бир аз азайган жана жалпысынан алганда бирдей деңгээлде;
Ал эми аталган ресурсту пайдалануу аймак ичинен жалгыз гана Түркмөнстанда көбөйгөн, тагыраагы, 14,4 пайызды түзгөн.
"Белгиленген төрт өлкөнүн бардыгындагы кыскаруу негизинен суу кампаларындагы суунун айыл чарба муктаждыктарына кеткендигинен улам болгон. Айыл чарбасынын сугат сууга болгон муктаждыгынын азайышынын маанилүү делген факторлордун бири — СССР кулаган соң Борбор Азиядагы сугарылуучу жер аянттарынын 10,2 миллион гектарга чейин (1997-жылга салыштырмалуу 0,8 млн. гектарга кемиген) кыскарышы", — деп айтылат докладда.
Адистер, мындан сырткары, башка себептердин ичинде сууну аз талап кылган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тандалышы жана жердин деградациясынын күчөшү бар экенин айтышты.
Борбор Азиядагы суунун тартыштыгы эмнеге кептеши мүмкүн? ЕАӨБ божомолун айтты