Бишкектен Гоага түз авиакаттам ачылышы күтүлүүдө

"Манас" эл аралык аэропортунан Гоага биринчи жолу түз учууга жол ачылды.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек — Гоа — Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдын ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматта Бишкектен Гоага түз учуулар биринчи жолу аткарылып жатканы айтылган.
Рейсти ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы аткарат. Каттамдар ушул жылдын 20, 28-декабрында жана 2023-жылдын 5, 13, 21-январында болору күтүлүүдө.
Сеулдан Бишкекке түз авиакаттам ачуу пландалууда