БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкектин Жибек Жолу проспектинде жайгашып, мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык делген имараттын ордуна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борбору курулду. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармак аркылуу билдирди.
Анын айтымында, жакында борбордун ачылыш аземи өтөт.
"Мурдагы президент Бакиевге таандык имаратты жай айында бузуп, ордуна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курууну баштаганбыз. Буюрса имарат бүтүп калды, жакында ачылышы болот. Жүз орундуу, заман талабына ылайык шарттары менен колдонууга берилет", — деп жазган Туманбаев.
Ал президент Садыр Жапаров курулушту жыл аягына чейин бүтүрүүгө милдеттендиргенин, тапшырма өз убагында аткарылганын кошумчалады.