Баласы туулганда эркектин мээси чоң өзгөрүүгө дуушар болот. Жаңы изилдөө

Изилдөө жүргүзүү үчүн адистер биринчи жолу ата болгону жаткан 40 эркектин мээсин текшерип көрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Балалуу болгон соң эркектин мээси бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болот. Мындай бүтүмдү Лос-Анжелестеги Түштүк Калифорния университетинин (АКШ) окумуштуулары чыгарганын "Доктор Питер" басылмасы жазды.
Изилдөө жүргүзүү үчүн адистер биринчи жолу ата болгону жаткан 40 эркектин мээсин текшерип көрүшкөн. Аларга салыштыруу үчүн баласыз 17 эркек кошумча тандап алынган. Иликтөөнүн башында 57 адамдын тең мээси компьютердик томография аркылуу эки ирет текшерүүдөн өткөн.
"Кийин биринчи топко кирген 40 кишинин мээсин балдары төрөлгөн соң кайрадан карап чыгышкан. Жыйынтыгында баарынын мээсиндеги боорукерлик жана кунт коюуга жооп берген бөлүктөрүндө өзгөрүүлөр пайда болгону аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми баласыз эркектердин мээси ошол бойдон калган.
Илимпоздор ата болгон эркектердеги өзгөрүүлөрдү дагы бир ирет бышыкташ үчүн сурамжылоо жүргүзүп көргөн. Жыйынтыгында жубайына бала багышкан же чүрпөсүн багуу үчүн декреттик өргүүгө чыккан кишилердин мээси көбүрөөк өзгөрүүгө дуушар болгону байкалган.
Мындан улам окумуштуулар наристенин пайда болушу аялдын гана эмес, эркектин дагы жашоосун түп-тамырынан өзгөртөт деген пикирге келишкен.
Психолог жаш өтүп бара жатканда балалуу болуунун артыкчылыктарын санап берди