БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ Кытай менен катуу атаандаштыкта экенин, бирок Вашингтон менен Пекин жаңжалдашууга барбашы керектигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз катуу атаандаштыктабыз, бирок анын чыр-чатакка айланып кетүүсүн каалабайбыз", — деди Блинкен Wall Street Journal конференциясында.
Мамлекеттик катчы АКШ Кытай менен жалпы маселелер боюнча кызматташуунун жолдорун издөөнү маанилүү деп эсептей турганын кошумчалаган.
Эки өлкөнүн мамилеси августтун башында АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган иш сапарынан кийин курчуп кеткен. Аралды өзүнүн провинциясынын бири деп эсептеген Кытай бул сапарды айыптап, АКШнын Тайвандагы сепаратизмге колдоо көрсөтүүсү катары кабылдап масштабдуу аскердик машыгууларды өткөргөн. Ноябрдын ортосунда КЭР башчысы Си Цзиньпин Индонезиядагы G20 жыйынында АКШ президенти Жо Байденге жолугуп, Тайвань кытай-америка мамилесиндеги "кызыл чек" экенин эскертип, андан өтпөөгө чакырган. Байден өз кезегинде Вашингтондун "бирдиктүү Кытай" принцибин колдой турганын ырастаган болчу.
Пекин Тайвандын өз алдынчалуулугун тааныбайт, өз провинциясы деп эсептеп, дүйнөнү "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырып келет. АКШ бул принципти кагаз жүзүндө сактаганы менен арал менен жигердүү кызматташып, байма-бай курал-жарак жеткирип турат.