7-декабрга карата аба ырайы

8-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Шаршембиде тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Айрым жерлерде туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында -2...-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1...+4, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +1...+6, ал эми Нарында -3...-8 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -4...-6 жана Ош калаасында 0...+2 градус болот.
8-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар. Жолдордо муз тоңуп тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Күнүнө 1 000 сом. "Бишкек жашыл чарба" ишканасы жумушка чакырат