БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ай сайын Бишкек шаардык ооруканасына эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 40-50 аял келет. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борбору маалымдады.
Ага ылайык, гендердик зомбулукка каршы өтүп жаткан 16 күндүк кампаниянын алкагында Кыргызстандагы зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер жана балдар жөнүндө маалымат жыйын өткөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2021-жылы ИИМ сексуалдык зомбулук боюнча 604 учурду каттагандыгы айтылган. Анын 53 пайызы иштин курамында кылмыштуулук жоктугунан токтотулган.
"Ал эми никеге туруу максатында кыз ала качуу 254 учур деп катталып, анын 84 пайызы иштин курамында кылмыштуулук жок деп өндүрүштөн кыскартылган. 10 151 учур үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катары катталган. Анын ичинен 8 463 аялга жана 264 балага убактылуу коргоо ордери берилген", — деп айтылат маалыматта.
Жыйындын катышуучулары ушул жылдын беш ай аралыгында ИИМ үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун 3 988 учурун каттоого алганын билдиришти. Аталган министрликке жылына үй-бүлөлүк жаңжалдар боюнча 8 миңден 10 миңге чейин телефон чалуулар болот.