Радио

Акматбекова: ыктыярчылар мамлекетке караганда оперативдүү иштейт

Ыктыярчы Айдай Акматбекова өзү 2018-жылдан бери ыктыярчы болуп иштеп келе жатканын айтты.
Sputnik
Башка өлкөлөрдө ыктыярчыларга өзгөчө көңүл бурулуп келерин Айдай Акматбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекет тарабынан ыктыярчыларга окууга тапшырып жатканда жеңилдиктер каралса ыктыярчылык менен алектенгиси келген жаштардын саны жогоруламак.
"Ыктыярчылык менен 1-курста окуп жүргөндөн бери алектенем. Ал учурда балдар үйүнө жардам берген уюмдарга жардамдашчумун. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр чыкканда эң башкы максатым жаракат алган аскерлерге жардам берүү болду. Өзүм медициналык академияда билим алам. Бирок азырынча колубузда диплом жок болгондуктан керектүү нерселерди алып келип бердик. Тыйындын эки тарабы болот демекчи, өзүнүн кызыкчылыгын көздөгөн ыктыярчылар да жок эмес. Тилекке каршы, Аруузатка акча чогултуп жатканда туура эмес жолдо иштеген ыктыярчылардын бар экенине да күбө боло алдык. Башка өлкөлөрдө ыктыярчыларга өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан көптөгөн колдоолорго ээ болуп келет. Бизде да ЖОЖго тапшырып жатканда ыктыярчы болуп иштеп жүргөн жаштарга 20-30 кошумча балл берсе, бул тармакка кызыккандардын саны өсмөк", — деди ыктыярчы.
Ал ыктыярчылар мамлекетке караганда оперативдүү иштей турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 5-декабрь — Ыктыярчылардын эл аралык күнү.