Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 10-декабрда болот

Бул күнү борбор калаада ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилеринин саммити өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 10-декабрда болот. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан билдирди.
"Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда. Эки өлкөнүн лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, бир туугандык жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.
"Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес-форуму өткөрүлөт", — деп кошумчалаган КР президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев.
Бул күнү борбор калаада ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилеринин да саммити өтөт.
Путин Бишкекке ЕАЭБдин саммитине келет