Россияда митинг өткөрүүгө тыюу салынган жерлердин тизмеси кеңейтилди

Учурда президенттик резиденциялардын имараттарында, соттордо, Тез жардам кызматтарында жана Федералдык жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин жыйын, митинг, жөө жүрүш жана демионстрацияларды өткөрүүгө тыюу салынган жерлердин тизмесин кеңейткен федералдык мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Мамлекеттик бийлик органдарынын имараттарында жана аларга жанаша жайгашкан аймактарда, аэропорттордо, темир жол жана автовокзалдарда, порттордо, университеттердин, мектептердин, ооруканалардын имараттарында жана аймактарында, чиркөөлөр жайгашкан жерлерде митингдерди өткөрүүгө болбойт.
Мындан тышкары, тыюу электр, жылуулук, суу жана газ тармактарынын иштешин камсыз кылган аймактарга да жайылтылат.
Учурда президенттик резиденциялардын имараттарында, соттордо, Тез жардам кызматтарында жана Федералдык жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде митинг өткөрүүгө тыюу салынган.
Жаңы мыйзам ошондой эле ар бир аймак жогоруда айтылган тыюуларды салышына уруксат берет.
Путин ЛГБТ пропагандасына, жыныс алмаштырууга тыюу салган мыйзамдарга кол койду