Токтогулда Россия жаранын өлтүрүүгө шектелгендер беш айдан кийин кармалды. Сүрөт

Кармалгандар Россиядан жүргүнчү катары алып келген айдоочуну өлтүрүп, автоунаасын уурдап кеткен деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда россиялыкты өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн жарандар кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ыкчам кызматкерлер 4-декабрь күнү өзгөчө оор кылмышка шектелген 32 жаштагы Ж.Т. менен 24 жаштагы А. уулу М. Бишкек шаарында жашырынып жүргөнүн аныктаган. Андан соң экөө кармалып, Токтогул райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эскерте кетсек, үсүтүбүздөгү жылдын 20-июнунда Токтогулдун Үч-Терек айылынан европа түспөлүндөгү кишинин сөөгү табылган. Ал Россиянын 44 жаштагы Д.К. атуу жараны экени аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде ("Адам өлтүрүү") иш козголгон. Маркум өзүнүн автоунаасы менен Россиядан эки кыргызстандыкты ала келген. Токтогулга жеткенде айдоочу өлтүрүлүп, автокөлүгү уурдалган. Ошол жүргүнчүлөр кылмышка шектелип кармалды.
Кыргызстандыктарды 77 млн. сомго алдап кеткен жаранды Польшадан кармап келишти